Биз социалдык тармакта

УКМКнын Бишкекте жаңы имараты ачылды (сүрөттөр)

Бүгүн, 6-октябрда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын имаратынын ачылышы болду.

Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышып, УКМКнын өлкөдө бардык аймактарындагы бөлүмдөрүнүн имараттары жаңыланганын билдирди. Ошондой эле президент өлкө коопсуздугу үчүн атайын кызмат көп аракеттерди жасашы керектигин айтты.

Андан соң мамлекет башчы символикалык түрдө УКМКнын жаңы имаратынын боосун чечип, жаңы административдик имараттын инфраструктурасы менен таанышып чыкты. Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров башкармалыктын аймагына бак отургузду. Имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан