Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан айдоочу айым каза тапты. Бул тууралуу
укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-январь күнү Тойота
унаасына айдап бара жаткан айым рулду башкара албай калган. Жолдон чыгып кеткен
унаа көңтөрүлүп, алган жаракатынан кыз кырсык болгон жерде каза тапкан.
Адамдарды
унаанын салонунан чыгаруу үчүн куткаруучулар келген. Машиненин ичиндеги дагы
бир аял оор жаракаты менен ооруканага жеткирилген.