Биз социалдык тармакта

Кытайда жүздөн ашык турист тоодон түшө албай калган 

Кытайдын түндүк-батышында жүздөн ашык турист Цинхай провинциясынын тоолорунда калып, бир адам каза болгонун РИА Новости билдирди.

Жергиликтүү бийликтерге 5-октябрда туристтер Цинхай провинциясындагы Менюань Хуэй автономиялык округунун төрт миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан Лаохугоу аймагына киргенден кийин камалып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул аймак рельефинин түздүгү, күтүүсүз аба ырайы, кар тез-тез жаашы менен мүнөздөлөт.

"6-октябрда таңкы саат 8:00гө карата кырсыкка кабылган 137 адам коопсуз эвакуацияланды. Алардын абалы туруктуу, бир турист гипотермия жана бийиктик оорусунан каза болду",- деп билдирди Кытайдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Куткаруу иштерине 300дөн ашуун адис, анын ичинде дрондор тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан