Ош шаарынын Гапар Айтиев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаар тургундары катышты.
Эске салсак, буга чейин аталган көчөнү мэр рейддик кыдырууда көрүп чыгып, асфальт басуу тапшырмасын берген.