Бишкектин конуштарында мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 6-октябрда билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим жылытуу мезгилинин алдында тургундардын турак жайсыз калуусуна жол бербөө максатында кабыл алынды.
"Өз алдынча жер тилкелерин ээлеп албоону, тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз жеке турак үйлөрдүн курулушун жүргүзбөөнү, муниципалдык аймактын эсебинен өз алдынча берилген жер тилкелерин кеңейтпөөнү суранабыз",- деп эскертишти мэриядан.