Адылбек Касымалиев: "Салык кызматынын салыктык кирешеси 211,9 миллиард сомду түздү"

Бүгүн, 6-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылдын 9 айында мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу билдирди.
Ал 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешеси 211 миллиард 971,9 миллион сомду түзгөнүн белгиледи. План 9 миллиард 192,2 миллион сомго же 104,5 пайызга ашыгы менен аткарылган.
"Ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттин кирешеси 722 миллиард 901 миллион сомду түздү. Бул пландаштырылган көрсөткүчтөн 23 миллиард 810,7 миллион сомго көп — план 103,4 пайызга аткарылган. Салыктык кирешелердин бардык негизги категориялары боюнча туруктуу өсүү жана пландык көрсөткүчтөрдөн ашыгы менен аткарылышы байкалууда. Эми мындай темпти сактап гана калбастан, мындан ары да күчөтүү зарыл", - деди Адылбек Касымалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан