Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 2025-жылы чикунгунья вирусунун кеңири жайылуу коркунучу жогору экенин билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, 1-январдан 30-сентябрга чейин дүйнөнүн 40 өлкөсүндө 445 миңден ашуун учур катталып, 155 адам каза болгон.
ДСУ айрым аймактарда илдеттин күчөп кеткенин, бирок жугуу бирдей эмес жүрүп жатканын белгиледи. Ошол себептен уюм бардык өлкөлөрдү ооруну эрте аныктап, өз убагында чара көрүүгө чакырды.
Маалыматка караганда, вирус жугузуп алган адамдардын башка өлкөлөргө сапарлары жана Aedes түрүндөгү чиркейлердин чагышы аркылуу жаңы аймактарга өтүшү мүмкүн. Иммунитеттин төмөндүгү жана чиркейлердин көбөйүшү оорунун кеңейишине өбөлгө түзүүдө.