
Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарында төрт жаңы суу кампасы пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри
Жеңишбек Токторбаев жана шаар тургундары катышкандыгын маалымат кызматы билдирди.
"Ак-Буура дарыясынын жээгинде, мурдагы эски бассейндин ордуна курулган бул суу кампаларынын жалпы кубаттуулугу 24 миң метр куб, ал эми жалпы аянты 5450,7 чарчы метрди түзөт. Ар кандай себептерден улам суу берүү убактылуу токтотулган учурда резервуардагы суу шаардын чыгыш бөлүгүнө жеткирилет", - деп белгиленген маалыматта.