Хорватияда таң калыштуу окуя катталды. Жылан мас абалындагы кишини чаккан, натыйжада киши эмес, жылан өлгөн.
Маалыматтарга караганда, 42 жаштагы Штеф Радулович бакчада сейилдеп жүргөндө жылан бутун чагып алган. Ал алгач катуу ооруксунууну сезген. Ал эми жылан болсо, кыймылсыз абалда калган. Киши сойлоп жүрүүчүнү ветеринарларга алып барган. Натыйжада жыландын канынан спирт табылган.
Дарыгерлер адамдын денесиндеги спирт жыландын уусун таасирсиз кылып, чаккан жердин уулануусуна жол бербегенин белгилешкен.