Associated Press маалымат агенттиги Израил Газага аскердик операциясын баштагандан бери шаар кандай өзгөргөнүн көрсөткөн видео жарыялады.
Анда имараттар урандыга айланып, көчөдөгү жандуу кыймыл жоголгонун көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салган. Ошондон бери Израил Газага каршы чабуулдарын улантып келет. Акыркы маалыматтар боюнча, андан бери кеминде 60 138 палестиналык каза болуп, 146 269 киши жаракат алган.