Нарын облусундагы Нарын - Оруктам жолунун 20–23-чакырымдар аралыгына асфальт басуу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Бүгүнкү күнгө карата капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 2,4 чакырымына асфальт төшөлдү.
Белгилей кетсек, жумуштар министрликке караштуу №24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.