Биз социалдык тармакта

Ош шаарында Мугалимдер күнү белгиленди

Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарында Мугалимдер күнү белгиленип, салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарага мэрдин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, билим берүү тармагынын ардагерлери жана мугалимдер катышты.
Салтанат Аманова мэр Жеңишбек Токторбаевдин атынан педагогдорду майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагындагы эбегейсиз эмгеги, келечек муунга сапаттуу билим берүүдө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Иш-чара концерттик программа жана сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолуп, бир катар ардагерлерге жана мугалимдерге Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан