Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында Алиев атындагы конгресс-борбордо Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги саммитине катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын алдында мамлекет башчысын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргеликте сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.