Биз социалдык тармакта

Ош шаарында муниципалдык мекемелерге кызматтык унаалар тапшырылды

Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы бир катар муниципалдык мекемелерге кызматтык унаалардын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кызматтык автоунаалар төмөнкү мекемелерге берилди:
  • Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармасы,
  • Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы,
  • Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасы,
  • Ош шаардык маданият башкармалыгы,
  • Ош шаардык муниципалдык инспекциясы.

Калаа башчы унаалардын берилүүсү муниципалдык кызматтардын ишин жеңилдетип, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ош шаарында муниципалдык мекемелерге кызматтык унаалар тапшырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан