Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 12-саммитине катышты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту:
- Түрк мамлекеттер уюмунун Габала декларациясы;
- “ТМУ+ (OTS Plus)” форматын баштоо жөнүндө чечим;
- ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмун бекемдөө жөнүндө чечим.