Биз социалдык тармакта

Фрунзе көчөсүнө төшөлгөн асфальттын сапаты көзөмөлгө алынды (фото)

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Фрунзе көчөсүнүн Гоголь көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү асфальттын сапаты көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө башкы подрядчы "Кайнар" жабык акционердик коомуна асфальттын катмарларындагы кемчиликтер боюнча кошумча төшөө зарылдыгы тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мекемеден билдиришкендей, учурда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча башкы подрядчы тарабынан иштер жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан