Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуш объекттерине текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Ноокат районунун Бел айыл аймагында жергиликтүү тургун тарабынан таш майдалоочу техникалар тиешелүү уруксат кагаздары жок жерде иштеп жаткандыгы аныкталды.
Башкармалык тарабынан уруксаты жок ээлеп алган жерди бошотуу боюнча тургундарга эскертүү берилип, иши токтотулуп, таш майдалоочу техникалар алынды.