Өлкөдөгү айрым суу сактагычтарда балык уулоого убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарындагы балыктардын бардык түрлөрүн уулоого жана ташып чыгууга төмөнкү учурлардан тышкары, үч жылдык мөөнөткө мораторий жарыяланды.
Документ балык запастарын сактоо, көбөйтүү, балык чарба көлмөлөрүндө балыктардын жашоо чөйрөсүн жана көбөйүү шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.