11-февралда “Азия MIX” командасы Сочиде өтө турган “КиВиН-2014” фестивалынын Жогорку лигасында биринчи оюнун көрсөтөт. Бул тууралуу топтун мүчөлөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, фестиваль 5-февралда старт алат.
Кошумчалай кетсек, Сочиде өтө турган “КиВиН-2014” фестивалынын Жогорку лигасына катыша турган “Азия MIX” командасы аталган фестивалга катышуу үчүн курамына тамашакөй кыздарды чакырууда. Топко азиат түспөлүндөгү кыздар талап кылынат. Орусиянын Биринчи каналы аркылуу көрсөтүлүүчү фестивалга катышкысы келген кыздар сүрөттөрүн жана өздүк маалыматтарын asia.mix@mail.ru дарегине жиберсе болот.