Биз социалдык тармакта

Францияда саясий кризис курчуду

Франциянын мурдагы премьер-министри Эдуар Филипп президент Эммануэль Макронду отставкага кетүүгө же мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырды. Ал "учурдагы абал Францияга зыян келтирип жатат" деди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Премьер-министр Себастьян Лекорню 28 күндөн кийин кызматын таштап кетти. Макрон ага партиялар менен сүйлөшүп, "туруктуулук үчүн платформа" түзүүнү тапшырды, бирок оңчул "Улуттук биримдик" партиясы сүйлөшүүгө катышуудан баш тартты.

Le Monde гезити кырдаалды "Бешинчи Республика түзүлгөндөн берки эң оор саясий кризис" деп мүнөздөдү. Макрон жаңы премьер дайындоо, өкмөт түзүү же парламентти таркатуу варианттарын карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан