Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти борбор калаадагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын Табалдиев көчөсү №13 дарегиндеги "Козен" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан объект текшерилди. Текшерүү учурунда объекттин мыйзамдуулугун тастыктаган бирдиктүү паспорттун жоктугу жана коопсуздук техникасы боюнча талаптар сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада "Козен" ЖЧКсына карата "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин негизинде акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.