Биз социалдык тармакта

ЖРТга кышкы каттоо 15-октябрда башталат 

Өлкөдө жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-октябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, каттоо Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу 30-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт.
Кабыл алуу жогорку окуу жайлардын келишимдик окутуу формасына гана жүргүзүлөт. ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто жалпы билими жөнүндөгү аттестаты же орто кесиптик билими жөнүндө диплому бар жарандар гана катыша алышат.
Кыргызстандан сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүүлөрү зарыл.
Каттоо боюнча нускаманы жана видеороликти https://testing.kg/videolessons сайтынан көрүүгө болот.
Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ болжол менен 2025-жылдын 20–23-ноябрында өткөрүлөт. Ал эми жогорку окуу жайларга өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестин жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшыруу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан