БШК төрагасы: "Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкесин түзүү пландалууда" 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров чет өлкөлөрдө 59 шайлоо тилкеси бар экенин айтып, кошумча дагы 41 шайлоо тилкесин ачуу сунушталып жатканын билдирди.

Тактап айтканда, жалпысынан 34 мамлекетте, 89 шаарда 100 шайлоо тилкесин түзүү пландалууда.

Мекеменин маалыматына ылайык, шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо участкалары аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө жана башка жерлерде ачылат. Бул багытта учурда жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барылып, алар шайлоо тилкелерин ачууга ылайыктуу жайларды сунуштап жатышат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан