Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Гавриловка айыл аймагында 308-321-контурдагы жер тилкесин жайыт категориясынан парк зонасына трансформациялоо боюнча атайын парктын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул долбоордун негизги максаты - жергиликтүү тургундар үчүн экологиялык жактан таза, эс алууга ылайыктуу коомдук мейкиндик түзүү болуп саналат.
Эскиздик долбоорго ылайык, паркта жашыл аймак, жөө жүрүүчү жана эс алуучу аянтчалар каралган.