Биз социалдык тармакта

"Барселонанын" легендасы карьерасын аяктаганын жарыялады

Америкалык "Интер Майами" клубунун белгилүү испаниялык коргоочусу Жорди Альба өз карьерасын жыйынтыктоону чечти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчаларында билдирди.

Анын айтымында, ал 2026-жылдын 1-январында, АКШдагы сезон аяктаган соң футбол менен кош айтышат.

"Рахмат, футбол! Баары үчүн чоң ырахмат!",- деп жазды Альба.

Билдирүүнүн астында Лионель Месси жана Неймар жылуу пикир калтырышты.

Жорди Альба - эң ылдам жана туруктуу коргоочулардын бири. Ал "Барселона" академиясынын тарбиялануучусу, команда менен 459 оюн өткөрүп, 6 жолу Испания чемпиону болгон. 2023-жылы ал "Интер Майамиге" өтүп, Месси жана Бускетс менен чогуу ойной баштаган. Ал бул аралыкта 100гө жакын оюн өткөрүп, эки ири титул уткан - MLS'тин негизги чемпиондугун жана Лигалар Кубогун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан