Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик башкаруу системасын кеңири оптимизациялоо боюнча жарлыкка кол койду. Жакынкы убактарда өлкөдөгү министрликтерде жана мекемелерде 2 миңден ашуун башкаруучу кызмат орду кыскартыла тургандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, бул чаралар башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана санарип башкарууга өтүү максатында ишке ашырылууда.
Кыскартууга 2141 кызматкер жана 16 мекеменин жетекчисинин орун басарлары туш болот.
Эң көп кыскартуулар:
Ошондой эле жетекчи орун басарлардын саны дээрлик эки эсеге кыскарат:
Реформадан кийин бюджеттен каржыланган кызматкерлердин жалпы саны 43 миң 332 адамды түзөт, ал эми бюджеттен тышкаркы фонддордон — 3657 кызматкер болот.
Мамлекеттик органдарга кадрларды кыскартууда эмгек мыйзамдарын так сактоо тапшырылды. Жумуш менен камсыз кылуу министрлиги жана Кесиптик кошуундардын федерациясы бошогон адистерди жумушка жайгаштыруу иштери менен алектенет.