Биз социалдык тармакта

Манас шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Мамлекеттик архитектура-курулушту көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан Манас шаарынын жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн алкагында Манас шаарынын Пушкин көчөсү, 136 жана Жамбыл көчөсү, 83 даректеринде жайгашкан көп кабаттуу турак жайлардын айланасындагы коммерциялык максатта пайдаланылып жаткан курулуштар каралган.
Натыйжада мыйзамсыз курулуштар аныкталып, учурда 3 объект өз ээлеринин демилгеси менен бузулду. Мындан сырткары 3 жаранга жалпысынан 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, тиешелүү акт, протокол түзүлгөнү кошумчаланат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
miki87
2025-10-09 00:51:00
Бул адресте мен жашаймын. Уялсанар боло бош тургандарын алдырып кыйынсыйсынар. Жолго чыгып алган кафе, эт саткан дукондордон доля аласынар ошого бузбайсынар. Пушкина 136 тратуарда кафе турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан