Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан кайрымдуулук жана ыктыярдык ишмердүүлүгү үчүн “Солнце в ладошках” аттуу үй-бүлөнү, эне жана баланы колдоо коомдук фондуна Алкыш баракчасын тапшырды. Бул тууралуу Алагөзов билдирди.
Президент жакында эле жекшемби күндөрдүн биринде тоого сапарында аталган фонддун өкүлдөрү таштандыларды тазалап, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үлгү көрсөтүп жатышканына күбө болгон.
"Бул көңүл сыртында калган жок. Мамлекет башчысы жаратылышты терең урматтаган жана жарандарды өз жерин сүйүүгө, тазалыкты сактоого жана өзгөрүүлөрдү жеке өзүнөн баштоого үндөп келген адам катары мындай аракетти өзгөчө жылуу сезим менен белгиледи.
Бул мекенге болгон чыныгы сүйүү сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да көргөзүлөрүн далилдеп турат. Дал ушундай чын ыкластуу жана кайдыгер эмес адамдардан Кыргызстандын күчү жана келечеги куралат",- деди ал.
Фонддун негизги ишмердүүлүгү – ар кандай оор илдеттерден жабыркаган кичинекей балдарга жардам берүү. Ошол эле учурда фонддун өкүлдөрү бош убактыларында жаратылыш сейил бактарында ишембиликтерди өткөрүп келишет.