
Кыргыз режиссёру
Аманбек Ажыматтын "Акыркы сценарий" аттуу дебюттук толук метраждуу тасмасы дүйнөлүк фестивалга жол алды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, тасма Эстониянын Таллин шаарында 7–23-ноябрда өтө турган "Tallinn Black Nights Film Festival" (PÖFF) эл аралык "А" класстагы кинофестивалынын дебюттук фильмдер программасына тандалды.
"Акыркы сценарий" - чыгармачылык эркиндик менен коммерциялык талаптардын кагылышын чагылдырган, 70 жаштагы режиссёрдун ички күрөшү тууралуу фильм. Тасма TAZAR кинокомпаниясы тарабынан Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.
Маалымат үчүн: Tallinn Black Nights Film Festival – Түндүк Европадагы эң ири жана дүйнөдөгү "А" класстагы фестивалдардын бири.