Биз социалдык тармакта

Ак-Ордо-3төгү кандуу окуя. Орунбеков маркумдун жубайы шектүүнү тааныганын билдирди 

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамды өлтүрүп кармалган шектүүнү бычакталган эркек кишинин жубайы тааныганын президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

"Бычакталган маркумдун жубайы кылмышкерди көрүп, таанып, ошол адам экенин тастыктады. ИИМ азыр маалымат берет", - деп кабарлады Орунбеков.

Эске салсак, бүгүн, 8-октябрда шектүү тууралуу айтылган пикирлерге президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берген. Ага чейин мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак-Ордо-3 конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектелген адамдын кантип кармалганын айтып, окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго байланышканын жазган.

Кечээ, 7-октябрда Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушундагы 2 жарандын өлүмүнө шектелип жаткан кылмышкер милиция тарабынан кармалганы айтылган. Шектүүнүн 2006-жылы туулгандыгы жана каза болгон 34 жаштагы жаран менен эч кандай байланышы болбогондугу маалымдалган.
ИИМ расмий маалыматты бүгүн, 8-октябрда тастыктап, тергөөнүн жүрүшү боюнча кабарлады.

Super.kg порталы окуя болгон жерге барып, маркумдардын кошуналары менен сүйлөшүп келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан