Кечээ, 8-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров "Манас" эл аралык аэропортундагы реконструкциялоо жана кеңейтүүнүн жүрүшү менен таанышканын президенттин администрациясы кабарлап, видео жарыялады.
Анда мамлекет башчысы унаа менен аба майдандын учуп-конуу тилкесин кыдырганын көрүүгө болот. Садыр Жапаровго жүрүп жаткан иштер тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов маалымат берген.