Азербайжандын борбору Бакуда дүкөнгө уурулукка кирген киши 9 жыл 6 айга эркинен ажыратылганын чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя былтыр ноябрь айында калаанын Низами районунда болгон. Ал текчелерден 6 банка кофе менен 10 батончик шоколадды алып, дүкөндөн качып чыккан. Сатуучу айым аны токтотууга аракет кылганда, ал бычак менен колго сайган.
Мындан улам ага бычак колдонуу менен опузалап акча талап кылган деген айып тагылган.