Бишкекте көчөдө кызды сабаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18 жаштагы кыз менен 27 жаштагы жигит аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Кыз арыз жазуудан баш тарткан.
Бирок жигитке карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен административдик протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Буга чейин социалдык тармактарда белгисиз адам көчөдө кызды сабап кеткени боюнча видео тараган. Окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 7-октябрда саат 23:00 чамасында Тимур Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.