Биз социалдык тармакта

Испания Израилге курал-жарак сатууга тыюу киргизди

Испания парламенти Израилдин Газадагы аракеттерине байланыштуу бул өлкөгө курал сатууга тыюу салган чечимди бекитти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, токтомго оппозиция каршы чыккан, бирок чечим улутчул жана солчул партиялардын добушу менен кабыл алынган.

Podemos партиясы чечимди "жасалма эмбарго" деп атап, өкмөттү Израил менен аскердик байланыштарды толук токтотпоого айыптаган.

Өкмөт буга чейин Израил менен курал соодасы жүргүзүлбөйт деп билдирген, бирок жарандык уюмдардын басымынан кийин 9 пункттук санкция киргизүүгө аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан