Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Аль-Акса мечитинде ХАМАСтын жеңилиши үчүн сыйынганын чет элдик басылмалар жазышты.
Министр бир топ израилдик отурукташуучулар менен бирге жөөттөрдүн суккот майрамынын алдында Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине кирип, сыйынуу ырым-жырымдарын аткарган. Ал Израилдин жеңиши, ХАМАСтын жок кылынышы жана барымтадагылардын кайтып келиши үчүн сыйынган.
Айта кетсек, 1967-жылдагы алты күндүк согуштан кийин Израил Чыгыш Иерусалимге, анын ичинде Храм тоосуна көзөмөл орноткон. Бирок Храм тоосундагы Аль-Акса мечити ислам фондусу (вакф) аркылуу башкарылат жана Израил аскерлери коопсуздукту камсыз кылышат. Мусулмандар комплекстин ичинде намаз окуй алышат, ал эми мусулман эместер катуу белгиленген сааттарда зыярат кылышат.