Биз социалдык тармакта

Инстаграм чыгармачыл авторлор үчүн Rings аттуу жаңы сыйлыгын жарыялады

Инстаграм чыгармачыл жана өзүн эркин көрсөтө билген авторлорду колдоо максатында Rings сыйлыгын жарыялады. Сыйлык катталуучулардын санына эмес, чыгармачылыкка жана өзгөчөлүккө баа берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, жеңүүчүлөрдү эл аралык калыстар тандап, аларга кадимки жана санариптик шакек ыйгарылат жана алардын профилинде өзгөчө белги катары көрсөтүлөт. Шакектин дизайнын британиялык дизайнер Грейс Уэйлс Боннер жараткан.

Жеңүүчүлөрдүн профилдеринде алтын шакек рамкасы, ошондой эле профилдин түсүн жана "лайк" баскычынын көрүнүшүн өзгөчө кылып өзгөртүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул сыйлык Инстаграмдын популярдуулукка эмес, чыгармачылыкка жана өзгөчөлүккө баа берерин көрсөтөт.

Сыйлык ээлери 16-октябрда аныкталат. Дүйнө жүзү боюнча жалпы 25 жеңүүчү болот. Мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүүнү мерчемдеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан