Биз социалдык тармакта

Путин Эмомали Рахмонго өзгөчө белек берди (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин Душанбеге болгон иш сапарында Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонго "Тажиктер" аталышындагы китеп жана "Тажик достору" картинасын белек кылды. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышты.

Картина советтик сүрөтчү Макс Бирштейн тарабынан тартылган. Путин "Тажиктер" китебин кесиптешине тапшырып жатып, китеп 25 нуска менен гана чыкканын айтты.

"Бул №1 нуска. Бул чыныгы илимий эмгек, тажик элинин тарыхы, антропологиясы, демографиясы жана этнографиясы боюнча материалдардын фундаменталдуу кыскача мазмуну. Жакшы, олуттуу эмгек",- деди ал.

Өз кезегинде Рахмон белек үчүн кесиптешине рахмат айтты.

Путин Рахмонго китеп жана сүрөт белек кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан