Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Баткен облусунун Самаркандек айылынын тургуну Азамат Абдиматов кайрылып, жеке ишкердигине тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, ал Самаркандек базарын 2023-жылдын 2-октябрында сынактан утуп алган, келишим 3 жылга түзүлгөн. Ага карабай жаңы айыл өкмөт башчысы Азамат Эргешов келишимди жокко чыгарып, жеке ишкердигине тоскоолдук жаратып жатат.
Абдиматов айыл өкмөттүн орун басары Жаныбек Болотов аталган базарды байкесине алып бергендигин билдирди. Ошондой эле келишим кийинки жылы бүтө тургандыгын белгилеп, бирок бир жылдан бери айыл өкмөтү мыйзамсыз иштетип келип жаткандыгын кошумчалады.
SUPER.KG медиа порталы экинчи тараптын пикирин чагылдырууга даяр.