Биз социалдык тармакта

Нарындын Ак-Талаа айылында заманбап мектеп курулууда (фото)

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Талаа айылында наркы 96 миллион сомду түзгөн жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2023-жылы башталган. Азыркы тапта имарат 45 пайызы бүтүрүлдү.
Башкы долбоор боюнча мектеп 150 орунга ылайыкталган заманбап эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен салынууда. Имараттын жалпы аянты 1351 чарчы метрди түзүп, мындан тышкары, сырткы спорт аянтчасы жана аймакты көрктөндүрүү каралган.
Мекемеден билдиришкендей, курулуш-монтаждоо иштерин “ЗиАР Строй” ЖЧКсы аткарып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан