Бүгүн, 9-октябрда Эрлис Тердикбаев коргоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Таалайбек Шаршеев дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон. Тердикбаев өз каалоосу менен кызматынан кеткендиги маалыматта кошумчаланды.