Бишкекте Куланак көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектеги Куланак көчөсү толугу менен бүткөрүлүп, расмий түрдө ачылды.

Мэриянын маалыматы боюнча, жол 7-Апрель көчөсүнөн Көк-Жаңгак көчөсүнө чейин созулуп, узундугу 833 метрди, туурасы 8 метрди түзөт.

Курулуш учурунда асфальт төшөлүп, тротуарлар жана ирригациялык система орнотулду. Жол белгилери коюлуп, сызыктар чийилди.

Көчөнүн курулушу 2025-жылдын июлунда башталган. Долбоор тыгындарды азайтууга жана шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан