Бишкек шаарынын №1 мектебинин окуучусу Руслан Байсалов Орусиянын Красноярск шаарында, Сибирь федералдык университетинин базасында өткөн финансылык коопсуздук боюнча V Эл аралык олимпиададагы фиджитал-шахмат турниринде жеңүүчү болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Олимпиаданын финалдык этабына дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 600гө жакын мектеп окуучулары жана студенттер катышты. Иш-чаранын программасында 100дөн ашык билим берүү, кесиптик, спорттук жана маданий иш-чаралар болду.
Руслан бардык этаптарда ийгиликтүү оюн көрсөтүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен мыкты катышуучу, ошондой эле Кыргызстандын улуттук этабында байге ээси болду.