Филиппиндин Минданао аймагында 7,2 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 62 чакырым тереңдикте болгон. Жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланды. Толкундар жер титирөөнүн очогунан 300 чакырым аралыктагы жээктерге жетиши мүмкүн экени айтылды.
Филиппиндин Сейсмология агенттиги өлкөнүн ортоңку жана түштүк аймактарындагы жээк шаарларынын тургундарына дароо бийик жерлерге чыгууну эскертти. Кайталанган жер титирөөлөргө сак болуу керектиги эскертилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар же каза болгондор тууралуу азырынча маалымат жок.