9-октябрда президент Садыр Жапаров Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарындагы өкмөттүк резиденцияда өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин лидерлеринин бейформал кечки тамагына катышты.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, лидерлер резиденциянын аймагында кыска убакыт сейилдешип, дипломатиялык баарлашууларды жүргүзүштү.
Андан соң Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун атынан жогорку даражалуу коноктордун урматына атайын кабыл алуу аземи уюштурулду.