Ооганстандын борбору Кабул шаарында жарылуу болгону кабарланды. Бул тууралуу Ооганстан өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид X социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Кабул шаарында жарылуунун үнү угулду, бирок эч ким тынчсызданбашы керек, баары жакшы",- деп жазды ал.
Мужахид окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын жана азырынча эч кандай зыян катталбаганын белгиледи.