Биз социалдык тармакта

Кочкордо Юстиция министрлигинин имараты курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда наркы 40 миллион сомду түзгөн Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылууда.
Жалпы аянты 748 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат бардык шарттары менен салынууда. Объекттин курулуш иштерин "Монолит RG" ЖЧКсы аткарып, азыркы тапта имараттын чатырын жабуу этабына жеткендиги кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан