Биз социалдык тармакта

Бишкекте самокат айдаган кыз 9 жаштагы кызды сүзүп, качып кетти (видео)

Кечээ, 9-октябрда саат 17:35 чамасында Бишкекте самокат айдаган кыз 9 жаштагы кызды сүзүп, качып кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармакта тарады.

Маалыматтарга караганда, 9 жаштагы кыз колу, буту жана башынан ар кандай жаракаттарды алган.

Шаар тургундары бул окуяга байланыштуу "Мэрия качан самокат жана мопед айдаган адамдарга байланыштуу тартип орнотот?", "Самокаттарга тыюу салуу керек", "Велосипед, самокаттарга атайын жол куруу керек, тротуар жөө адамдар үчүн" деген сыяктуу пикирлерин калтырышууда.

Бишкекте самокат айдаган кыз 9 жаштагы кызды сүзүп, качып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан