Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусунун 41 жаштагы тургуну опузалап акча талап кылууга шектелип кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Дубайда жүргөндө маркум Камчы Көлбаевдин атын пайдаланып, Б.И. аттуу кишини коркутуп, жабырлануучудан 2 миллион рубль талап кылган. Акча "уурулардын жалпы фонду" кирешесине түшө турганын айткан. Шектүү аны эгер төлөмдөн баш тартсаң ата-энеңди жана балдарыңды өлтүрөм деп коркуткан.
2021-жылдын 12-ноябрында коркуткан кишинин шериги акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 2022-жылдын 11-майында ал өзү Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айыпталган.