Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев көпчүлүк колдогонуна карабай, ордуна Кимсанбай ажыны сунуштоодо

Мусулмандар курултайында Уламалар кеңеши жабык эшик артында Кыргызстандын жаңы муфтийин шайлоо маселеси боюнча кеңешме өткөрүүдө. Ага байкоочу катары катышып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун кеңешмедеги алдын ала маалыматтар менен тааныштырды. Анын айтымында, Уламалар кеңешинин 34 мүчөсүнүн көпчүлүгү учурдагы Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевди ордунда калтырууга макул болушкан. Бирок Рахматулла ажы Эгембердиев өз кызматынан баш тартып, муфтийлик кызматка Кимсанбай ажы Абдрахмановду сунуштоодо. Турсунбек Акун ошондой эле муфтий болууну каалаган адамдарды кеңешмеге кирүүгө чакырды. Андан соң Абдышүкүр Нарматов баш болгон бир катар талапкерлер кеңешмеге кирип кетишти. Белгилей кетсек, Кимсанбай ажы Абдрахманов 1992-1996-жылдары жана 2000-2003-жылдары Кыргызстандын муфтийи болуп иштеген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан