Биз социалдык тармакта

Жалал-Абаддагы Өрүктү айылында жаңы мектептин курулушу жыл аягына чейин бүтөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айылында жаңы мектеп салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Быйыл жыл аягына чейин курулушту бүткөрүү пландалууда.
Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Имараттын наркы 132 миллион сомду түзөт.
Курулуш-монтаждоо иштерин "АСТАС строй" ЖЧКсы жүргүзүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан